Токтогул районунда 7 мектептин окуучулары авариялык имараттарда билим алууда
Токтогул районунда быйылкы окуу жылында 7 мектептин окуучулары авариялык абалдагы имаратта окуп жатышат.
Район акиминин орун басары Айна Нават кызынын айтымында, ушул тапта 3 мектепте курулуш иши жүрүүдө.
"2010-жылдан бери Токтогул райоонунда каттоодо турган 10 авариялык мектеп бар. Алардын баарына ӨКМ тарабынан авариялык абалда деген корутунду чыгарылган. Ушул тапта 10 мектептин үчөөндө курулуш иштери жүрүп жатат. Алар жыл соңуна чейин пайдаланууга берилет. Ал эм калган 7 мектептин да курулуш иштерин жүргүзүүгө зарылчылык күч. Тактап айтканда, окуучулар бул жылы да авариялык абалда билим алууга аргасыз. Чындыгында мектептерде абал оор, айрымдарынын дубалдары көчүп, жылуулук системасынын жоктугунан колдо жасалган меште класстык бөлмөнү жылытууга туура келүүдө", - А.Нават кызы.